Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Борбор Азия өлкөлөрү Жапониянын БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуу мүдөөсүн колдойт


Бул тууралуу жапон тышкы иштер министри Йорико Кавагучинин басма сөз катчысы Хатсухиса Такашима билдирди. Жапония экономикалык кубаты жана Улуттар Уюмуна кошкон салымынан улам өзүн Коопсуздук Кеңештин туруктуу мүчөлүгү үчүн олуттуу талапкер деп эсептейт.Токио Орусия, АКШ, Франциядан колдоо алган, бирок Коопсуздук Кеңештин туруктуу мүчөлүгү үчүн күрөштө ага Германия, Индия, Бразилия атаандаш болууда. Жапон тышкы иштер министри Йорико Кавагучи Борбор Азия боюнча иш сапарынын алкагында учурда Кыргызстанда жүрөт. Мунун алдында ал Өзбекстан, Казакстан,Тажикстанда болгон

XS
SM
MD
LG