Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Тибетти колдоо боюнча эл аралык уюм Олимпия комитетин сынга алды


Алар эл аралык Олимпия комитетин Кытайдагы адам укугун бузууларды эске албай жатканы үчүн сынга алды. Укук коргоочу 100дөй топтун башын бириктирген уюм Олимпия комитетине 2008-жылдагы Жайкы Олимпиаданы кытай бийликтеринин Тибеттин сүргүндө жашаган лидери Далай Лама менен сүйлөшүүсү үчүн кысым көргөзүүгө чакырды. Тибетти колдоо боюнча эл аралык уюмдун директору Алисон Рейнолдс бүгүн Пекиндеги басма сөз жыйында мындай деди:

-Биз азыркы баскычта Кытайга өкмөттөр, эл аралык уюмдар, Эл аралык Олимпия комитети тарабынан кысым көргөзүлүшү керек деп эсептейбиз. Пекин Тибетке карата саясатын өзгөртүүнү түшүнүүсү зарыл. Эгер жакынкы аралыкта мындай өзгөрүү болбосо, Олимпиада башка, жакшыраак чөйрөдө өтүшү абзел.

Ал эми кечээ кечинде Олимпиаданын эстафетасын Пекинге өткөрүп берген Афинадан эки күндүн аралыгында 200миңдей адам, олимпиадалык оюндардын катышуучулары менен көрүүчүлөрү кетет. Маселен бүгүн эл Грециянын башкалаасынан дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө каттоочу учактардын саны 900гө жетмекчи.

XS
SM
MD
LG