Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Барымтадагылар француз элине кайрылды


Иракта барымтага алынган франциялык журналисттер Францияда мусулман кыздардын жоолук салынып жүрүшүнө уруксат берүүгө чакырышты.

Араб тилинде чыгуучу ал-Жазээра сыналгысында камеранын алдында сүйлөгөн Жорж Малбруно жана Кристиан Шасно Франциянын элин өкмөткө кысым көрсөтүп, демонстрацияга чыгууга үндөштү. Алар Франциянын мектептеринде кыздардын жоолукчан жүрүшүнө салынган тыю күчүнөн кетирилбесе, барымтачылар аларды өлтүрүп тынышаарын эскертишти. Франциянын өкмөтү буга чейин мындай чакырыкты четке каккан.

Кечээ Франциянын бир нече шаарларында журналисттерди бошотууну талап кылган демонстрациялар болду.

XS
SM
MD
LG