Босниялык серб өкмөтү булар 1992-95-жылдардагы согуштун мезгилинде карапайым адамдарга жана абактагыларга каршы кылмыш кылган деп билдирди. Аларга жумурияттын түндүгүндөгү сербдер басымдуулук кылган айылдарда 1992-жылы майдан сентябрга чейин чабуулдарды пландап, уюштуруп, ишке ашырган деп айып коюлган. Согуш кылмыштарына байланышкан бардык жергиликтүү сот иштерин Бириккен Улуттардын Гаагадагы согуш трибуналы жактырышы керек. Серб бийликтери сот ишине трибуналдын уруксатын алууга аракет кылышаарын билдиришти. Босниядагы согушта 200 миң чакты кишинин өмүрү кыйылган.
Ал эми Гаага сотунда Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич бүгүн өзүн өзү коргомокчу. Милошевичке геноцид, адамзатына каршы кылмыштары жана согуш кылмыштары үчүн айып коюлган.
Ал эми Гаага сотунда Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич бүгүн өзүн өзү коргомокчу. Милошевичке геноцид, адамзатына каршы кылмыштары жана согуш кылмыштары үчүн айып коюлган.