Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Казакстандын көк бөрүчүлөрү жеңишке жетишти


БИШКЕК. Бүгүн "Ак кула" ат майданында Президенттин кубогу үчүн көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Финалга чыккан Кыргызстан менен Казакстандын көкбөрүчүлөрү беттешип, Казакстандын жигиттери 6-5 эсебинде жеңишке жетишти. Мамлекет башчысы баш байге “Жип” автомашинасын Казакстандын курама командасына тапшырды.

Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн “Көк бөрү” эл аралык мелдеши 26-августта башталган. Ага Россиянын Алтай аймагынан, Кытайдын Кызылсуу автоном облусунан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандан көкбөрүчүлөрү катышты. Мелдешти Эларалык "Көкбөрү" федерациясы менен туризм, спорт жана жаштар комитети уюштурду. Мааракеге арналган мелдешти өткөрүүгө 2,5 миллион сом каражат жумшалды.

XS
SM
MD
LG