Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:10

Казакстан менен Кыргызстандын укук коргоочулары кызматташат


БИШКЕК. Кыргызстан менен Казакстандын укук коргоо кыймыл өкүлдөрү дүйнөнүн бардык аймагында ядролук жардырууларды болтурбоо үчүн биргелешип күрөшүү аракеттерин күчөтөт. Мындай макулдашуу Казакстандын «Невада-Семипалатинск» полигонунун жабылганынын 13 жылдыгына арналып, Алматы шаарында өткөрүлгөн жыйында кабылданды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстан укук коргоо кыймылынын аталган жыйынга катышкан төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Анын маалыматы боюнча, жыйынды Невада-Семипалатинск полигонун жабууга 7 жыл бою күрөшкөн «Аттан, Казакстан» кыймылы уюштурду. Анда ядролук коркунучту болтурбоо аракеттерин биргелешип көрүү үчүн региондо кызматташуу жана ага укуктук негиздерди түзүү маселелери да талкууланды.

 

XS
SM
MD
LG