БИШКЕК. Ысыккөл облусунда «Хизб ут-Тахрир» жашыруун диний уюмуна тартылган адамдардын саны көбөйүп баратат. Мындай маалыматты 30-августта Ысыккөл облусундагы массалык маалымат каражаттардын ресурстук борбору таратты. Ал маалыматка караганда, ушул жылдын өткөн жети айында облустун аймагында «Хизб ут-Тахрир» жашыруун уюмунун диний баракчаларын сактоо жана таркатуу боюнча беш факт катталды. Ысыккөл облустук ички иштер башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгы аталган уюмга таандык 200 баракча, 60 китепче жана видеотасмаларды колго түшүрүп, аларды таркатып жүргөн 7 адамды кармады. Андан тышкары бул уюм менен кызматташкан 30 адам каттоого алынды. Ысыккөл облустук ички иштер башкармалыгы «Хизб ут-Тахрир» уюмунун диний экстремисттик багыттары тууралуу түшүндүрмө берген жыйындарды мугалимдер, диний мекеме жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен калк арасында жүргүзүүдө.