Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Йорданиянын парламенттик делегациясы келет


БИШКЕК. 5-сентябрдан 12-сентябрга чейин Йорданиянын парламенттик делегациясы Кыргызстанда расмий сапар менен болот. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынан алынды. Ал маалыматка караганда, делегацияны Йорданиянын парламентинин спикери Абдул Хади Аль-Маджали баштап келет. Сапар маалында делегациянын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары Алтай Бөрүбаев, Абдыганы Эркебаев менен жолугушуп, парламенттер аралык кызматташуу маселелерин талкуулайт. Тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана башка мекеме жетекчилери менен да жолугушуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштары боюнча пикир алышат. Делегация Ысыккөл облусуна да барып, ал жердин туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат. Йорданиянын парламенттик делегациясы Кыргызстанга биринчи ирет Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин чакыруусу менен келет.

XS
SM
MD
LG