Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Мыйзам чыгаруу жыйыны ишин баштайт


БИШКЕК. 1-сентябрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2004-2005-жылдагы акыркы сессиясын баштайт. Палатанын басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, бул күнү сессия расмий түрдө ачылып, көзү өтүп кеткен депутат Абсамат Масалиев эскерилет. Депутаттар андан кийин комитеттерде иштешет. Ал эми сентябрь айында карала турган маселелер 2-сентябрда бекитилет. Премьер-министр Николай Танаевдин август айындагы өкмөт жыйынында айткан маалыматына караганда, парламенттин кароосунда азыр өкмөт сунуштаган 330 мыйзам долбоору бар. Алардын көпчүлүгү Дүйнөлүк банктын сунушу менен кабыл алына турган экономикалык багыттагы мыйзамдар. Өкмөттүн палатадагы өкүлү Мырза Капаровдун билдирүүсү боюнча, Кыргызстандын тышкы карызын жоюуга жол ача турган 6 мыйзам долбоору күн тартибине киргизилет. Бирок депутаттар кайсы мыйзам долбоорлорун биринчи иретте караары али белгисиз.

XS
SM
MD
LG