Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Жалалабадда да майрамдык салтанат өттү


ЖАЛАЛАБАД. 31-августта Жалалабад облусунда да эгемендик күнүнө байланыштуу майрамдык салтанаттар өткөрүлдү. Майрамга чогулган облустун элин губернатор Жусупбек Шарипов куттуктады. Салтанат Жалалабаддагы чегара жана ички иштер аскер бөлүктөрүнүн, коомдук тартип сакчыларынын аскердик жүрүшү менен коштолду. Милициянын атайын аскердик отрядынын жоокерлери күжүрмөн даярдык оюндарын көрсөтүштү. Үч жүздөн ашык адам катышкан театрлаштырылган оюн-зоокто Манас баштаган улуу кейипкерлер элдеги эгемендикти бекем сактоого жана демократияны өнүктүрүүгө чакырышты. Азык-түлүк соода сатык жарманкеси жайылып, көлөкөлүү бак менен стадиондордо улуттук жана спорттук оюндардын мелдештери өттү. Театралдык көрүнүштөргө Жалалабад шаардык мэриясы 30 миң сом каражат бөлгөнү маалым болду.

XS
SM
MD
LG