Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Ооганстанда АКШнын бомбалоосунан карапайым адамдар жабыркады


КАБУЛ. АКШ учактарынын дүйшөмбү күнкү бомбалоосунан Ооганстанда карапайым адамдар жабыркаганы маалым болду. Бомбалоо кимдир бирөөлөр Маноги кыштагындагы акимчиликтин имаратын ракеталар менен аткылаган соң жүргүзүлгөн. Ал эми америкалык учактар ракеталык аткылоо болгон Варадеш кыштагына бомба ташташкан. Андан канча киши жабыркаганы белгисиз, бирок Даниядагы гуманитардык агенттиктин өкүлү андан жергиликтүү сегиз тургун каза тапканын жана уюмдун имараты кыйрап калганын айтат. Ал эми АКШлык аскердик булак болсо рейд учурунда бир жанкечти адам бомба жардырып жети баланы, эки ооган аскерин жана америкалык бир солдатты жарадар кылганын билдирет. Ал ошондой эле рейдден башка адамдар да жабыркаган болушу мүмкүн экенин кошумчалайт.

XS
SM
MD
LG