Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Слободан Милошевич Гаагадагы сотто коргоо сөзүн сүйлөдү


ГААГА. Югославиянын экспрезиденти Слободан Милошевич өзүнө койулуп жаткан айыптоолорду "жалган жалаа" деп сыпаттап, Улуттар Уюмунун Гаагадагы трибуналын "мыйзамсыз мекеме" деп атады.

- Мага койулган айыптын баары мыйзамдарды жана тарыхый фактыларды бурмалоого, адеп-ахлакты тебелеп-тепсөөгө негизделген. Мунун баары Югославиядагы кайгылуу окуялардын чыныгы күнөөкөрлөрүн жоопкерчиликтен куткаруу үчүн жасалды,- деди Милошевич.

Кезинде адвокаттардын жардамынан баш тарткан Милошевич сотто өзү коргонуп жатат. Милошевич 1990-жылдарда Боснияда, Хорватияда жана Косоводо адам баласына каршы кылмыш кылган, деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG