Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:29

Иран француз барымта туткундарын бошотууну талап кылды


ТЕГЕРАН. Иран Иракта барымтада кармалган француз жарандарынын бошотулушун талап кылат. Бул жөнүндө Ирандын тышкы иштер министринин өкүлү Хамид Реза Азефи билдирди. Ал эми анын аралыгында, эки француз журналистин бошотууга көмөктөшүү максаты менен Иракка Ирандын Сөз Эркиндигин Коргоо Бирикмесинин өкүлү Маш-аллах Шамс ол-Ваезин барганы жатат.

- Мен Иракка барып, барымтачылар менен байланашы бар адамдар менен сүйлөшүүгө ниетимди билдирдим. Эки кесиптешимди куткаруу үчүн Иракка токтоосуз барууга даярмын,- деди ал.

Мындан мурда Франциянын президенти Жак Ширак Ирактагы согушкерлерге кайрылып, туткундагы эки француз жаранын бошотууну кайрадан талап кылган.
Француздарды кармап алышкан барымтачылар ультиматум мөөнөтүн дагы 24 саатка узартып, Франциянын мектептеринде жоолук салынып жүрүүгө тыйуу салган мыйзамды күчүнөн кетирүүнү талап кылышты. Франция бул талапты аткарбай турганын билдирген. Мыйзам биринчи сентябрда жаңы окуу жылынын башталышы менен күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG