Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:57

Израилде автобустарда болгон жардыруулардан 15 киши курман болду


ТЕЛЬ-АВИВ. Израилден алынган кабарларга караганда, бүгүн өлкөнүн Беершеба шаарында саналуу мүнөттөрдүн аралыгында жүргүнчү ташыган эки автобус жарылды. Акыркы маалыматтарга караганда андан 15 киши курман болуп, 44 киши жаракат алды. Алардын 20 чактысынын ахвалы өтө оор. Израилдин аскердик радиосунун маалымдашынча, жардырууну жанкечти эки палестин ишке ашырган. Теракттардын жоопкерчилигин ХАМАС тобу өзүнө алды. Бүгүнкү теракттардан кийин Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон террорчулукка каршы күрөштү улантууга сөз берди.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG