Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

АКШда 17жылдан кийин күнөөсүз адам абактан бошотулду


Атлантада оорукана кызматкерин барымтага алып, карактап, зордуктаган деп 1986-жылы эркинен ажыратылган киши күнөөсү жок экени такталып, боштондукка чыкты.

Жоржия штатынын соту ага каршы бардык айыптоолорду күчүнөн кетиргенден кийин эркиндик алган Клеранс Херрисон түрмөнүн эшиги артынан жабылгандан кийин жылмайып, адвокаттарын жана колдоочуларын кучактады.

Атланта ооруканасынын кызматкерин Харисон зордуктап, карактаган болушу мүмкүн эмес экендигин көрсөткөн генетикалык изилдөөнүн жыйынтыгы 24-августта жарыялангандан кийин прокурорлор анын күнөөсү жок экендигине ынанышты. Харисон 25 жаштагы курмандыктын аны өзүнө кол салган киши деген көрсөтмөсүн четке кагып, өзүнө коюлган кинени эч качан моюнуна алган эмес.

Таңкы жаңылыктарды Прагадан Жаңыл Жсубжан даярдады.

XS
SM
MD
LG