Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Буш террор согушун Кошмо Штаттары жеңип чыгат деп билдирди


АКШнын президенти кечээ Теннеси штатынын Нашвил шаарында америкалык согуш ардагерлеринин алдында сөз сүйлөдү.

Президент мунун алдындагы телемаекте террорго каршы согушта жеңишке жетишүү мүмкүн эмес деген эле.

Анын аралыгында, Нью-Йоркто Республикачыл партиянын курултайы ишин улантууда. Бүгүн жыйында АКШнын биринчи айымы Лаура Буш жана Калифорниянын губернатору Арнольд Шварценнеггер чыгып сүйлөшөт. Лаура Буш күйөөсү, президент Бушту терроризмге каршы согуштун америкалык кол башчысы деп мүнөздөшү күтүлүүдө. Ал эми мурдагы Голивуд жылдызы Шварценнеггер Бушту экинчи мөөнөткө көрсөтүү сунушун колдомокчу.

АКШда президенттик шайлоо 2-ноябрда өтөт. Анда Жорж Буш демократ Жонн Керри менен ат салышмакчы.

XS
SM
MD
LG