Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Израилде эки автобус жарылганда кеминде 16 киши жан таслим болду


Жанкечти бомбачылардын чабуулунда дагы 80 чакты киши жапа чекти. Израилдин коопсуздук кызматтары билдиргендей, жанкечтилер Беер Шеба шаарында автобустарды дээрлик бир мезгилде жардырышты. Палестиндердин согушчан ХАМАС тобу жоопкерчиликти өзүнө алды. ХАМАСтын өкүлү Мошер ал-Масри мындай деди:

- ХАМАС менен бизге душман (Израилдин) ортосунда ачык согуш жүрүп жатат. Буга чейин көп ийгиликсиз чабуулдар болгон. Бирок бүгүнкү операциялар биздин кас душмандарыбызга каршылык көрсөтүүчү фракциялар көздөгөн максатына жете алаарын далилдеди. Кас душмандар муну (боштондук) кыймылдын жол башчылары Ахмад Ясин шейх менен Абдел Азиз ал-Рантисинин өлүмү үчүн өч алуу экенин билип коюшсун.

XS
SM
MD
LG