БИШКЕК. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги орто мектептердин 9-11-класстарынын окуучулары арасында орус тили жана адабияты, химия, биология сабактары боюнча олимпиада өткөрөт. Элчилик бүгүн тараткан маалыматка караганда, ага кеминде 500 окуучу катышат. Азыр элчилик Кыргыз-Славян университетинин базасында уюштуруу комитетин түзүп, курамына окумуштуу окутуучуларды жана Орусиянын мекендештер коомдорунун өкүлдөрүн кошуп жатат. Олимпиада өткөрүүгө кеткен чыгымдардын баарын Орусия төлөгөнү жатат. Элчилик андан тышкары Кыргызстандын мектептеринде орус тилин мыкты үйрөткөн мугалимдердин конкурсун жарыялады. Ага болжол менен 200 мугалим катышып, жеңгендерге сыйлык Орусиянын федералдык бюджетинен берилгени жатат. Олимпиаданын жана конкурстун жеңүүчүлөрү 2-5-ноябрь күндөрү аныкталат.