БИШКЕК. Бүгүн Орусиянын Ростов-на-Дону калаасында КМШга мүчө мамлекеттердин Абадан коргонуу күчтөрүнүн координациялык комитетинин жыйыны башталды. Жыйында абадан коргонуу күчтөрүн чыңдоо жана өнүктүрүү багытындагы он маселе талкууга коюлду. Аталган жыйынга Кыргызстандан эч ким барган жок. Бирок жыйынга Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрү өз сунуштарын кат аркылуу жолдоду.
Ал эми Казакстандын коргоо министри Муктар Алтынбаевдин чакыруусу менен 4-сентябрдан 6-сентябрга чейин Казакстанда өтүүчү Абадан коргонуу күчтөрүнүн машыгуусуна Кыргызстандан полковник Владимир Валяев баштаган делегация барат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти.