Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:42

Мектептерде окуу башталды


БИШКЕК. Бүгүн өлкө аймагындагы мектептерде жаңы окуу жылы “Мекеним менин Кыргызстан” деген темадагы сабак менен башталды. Быйыл 2 миңден ашуун жалпы билим берүү мектептеринде 1,5 млн. окуучу билим алат. Өткөн жылдагы эсеп боюнча республикада 73 миң мугалим эмгектенет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Ал эми премьер-министр Николай Танаев Бишкектеги №26 мектепке барып, мугалимдер жамааты жана окуучулар менен жолугушту. Анда өкмөт башчысы өлкө аймагындагы мектептер жаңы окуу жылына толук даяр экендигин билдирди. Ошондой эле тоолуу райондордогу 50 мектепке 230 миң сом өлчөмүндөгү компьютерлер берилгендигин маалымдады.

Ал эми Билим берүү министри Мустафа Кидибаев шаардагы №5 мектепте болду.

XS
SM
MD
LG