Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Кувейттик фирманын жумушчулары барымтадан кутулду


Алар июль айынан бери Иракта барымтада эле. Кувейттик фирманын өкүлү кениялык үч, индиялык үч жана мисирлик бир жаран барымтадан бошотулганын ырастады.

Эл аралык коомчулук Ирактын ислам армиясы деген топ өткөн аптада барымтага алган франциялык эки журналистти аман куткарып алуунун амалын кылууда.
Барымтачы топ Франциянын коомдук мектептеринде мусулман кыздардын хижап-жоолукчан жүрүүсүнө тыюу салган мыйзамын жокко чыгарууну талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG