Ирактын өткөөл Улуттук кеңеши - парламенттин жаңы мүчөлөрү бүгүн биринчи жыйынга чогулуп, ант беришти жана күрт саясатчысы Фуад Масумду кеңештин төрагасы кылып шайлашты.
Улуттук кеңеш январда болчу шайлоого чейин Ирактын убактылуу өкмөтүнүн ишине көзөмөл кылат.
Жыйын жүрүп жаткан тушта Ирактын өткөөл өкмөтү жана АКШнын элчилиги жайгашкан Багдаддын "жашыл мейкиндиги" ичинде бир нече бомба жарылды. Бир киши жарадар болду.
Улуттук кеңештин жыйынына бараткан таанымал саясатчы Ахмед Чалабиге кол салынып, анын эки күзөтчүсү жарадар болушту.