Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Израил Батыш Иорданда чеп коргонду курууну тездетет


Израил өлкөнүн түштүгүн Батыш Иордан менен бөлгөн коопсуздук коргонун курууну тездетээрин премьер-министр Ариел Шарондун өкүлү Ранаан Кисин билдирди.

Шейшемби күнү Израилдин Беершева шаарында эки автобуста бомба жарылып, 16 жүргүнчү курман болгон. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти палестиндердин ХАМАС уюму өзүнө алган.
ХАМАСтын билдиришинче, бомба чабуулу - израилдиктер өлтүргөн өздөрүнүн эки лидери – Шейх Ахмед Ясин менен Абдел Азиз ар-Рантисинин өлүмү үчүн өч алуу максатында жасалды.

Премьер-министр Ариел Шарон жанкечтилердин чабуулу анын Газа тилкесинен жөөт конуштарын чыгарып кетүү планын токтото албасын эскертти.

Израилдик аскерлер кечээ күнү 16 жөөт жаранды өзүн бомбага жардырып өлтүргөн палестиналык эки жанкечтинин бирөөсүнүн Батыш Иордандагы үйүн кыйратып салышканы кабарланды.

Жөөт күчтөрү шейшемби күнкү бомба чабуулуна байланыштуу Хеброн шаарына кирип-чыккан жолдорду жабышты.

XS
SM
MD
LG