Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

“Исламбули бригадасы” Москвадагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды


Бүгүн Москванын “Курск” метробекетинин жүргүнчүлөрү бейтааныш бирөө бекетке бомба коюлду деп телефон чалгандан кийин шашылыш сыртка чыгарылды.

Андан 12 саат мурда “Рижская” метросуна кире бериште бомба жарылып, 10 жолоочу өлгөн, 50дөн ашуун адам жарадар болгон.

Бийликтер бүгүн жарадар болгон 14 кишинин абалы өтө оор экенин жана бомбаны аял киши жардырганын билдиришти. Бирок чабуул үчүн эч ким айыптала элек.

Шейшемби күнкү бомба жардыруусу үчүн жоопкерчиликти өзүн “Исламбули бригадасы” деп атаган топ өзүнө алды. Бригаданын интернеттеги вебсайтына араб тилинде чыккан билдирүүсүнө караганда чабуул чеченстандык мусулмандарды колдоо иретинде жасалган.

Бул топ өткөн жумада жүргүнчүлөрдү ташуучу россиялык эки учакты жардырууну да өзүнө алды. Авиажардыруудан 89 киши набыт болгон.

БУУ жана АКШ өкмөтү Москвада болгон бомба чабуулун айыпташты.

Коргоо министри Сергей Иванов Москвада болгон бомба чабуулуна байланыштуу шаршемби күнү өткөн маалымат жыйынында:


–Сөздүн ачыгын айтканда, бизге согуш жарыяланды. Бул урушта жоону сиз көрбөйсүз жана майдандын чеги жок. Анткен менен, анын коркунучун сиздер чындап көрүп жатасыздар, - деди.

XS
SM
MD
LG