Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Түндүк Осетияда куралдуу топ балдарды барымтага алды


1-сентябрда эртең менен куралчан адамдардын тобу Түндүк Осетиянын Беслан шаарчасындагы мектепке чабуул жасап, 120–150 чамалуу адамды, анын ичинде мектеп окуучуларын барымтага алды. Күбөлөрдүн бири Заурбек Тсумартовдун айтканы:

-Биз дарбаза жакта окуу жылынын ачылыш салтанатында каз-катар тизилип турганбыз жана музыка ойноп жаткан. Анан эле автоматчан үч кишини көрдүм. Адегенде тамаша деп ойлогом. Алар анан автоматтан асманга ок ата баштаганда, биз качып кеттик.

Түндүк Осетиянын ички иштер министрлигинин өкүлү Аямов маалымат каражаттарынын барымтачылар мектеп окуучуларынын бир тобун бошотту деген кабарын калпка чыгарды.

Ички иштер министри Казбек Дзантиевдин сөзүнө караганда, согушчандар катардан чыккан ар бир мүчөсү үчүн 50 окуучу өлтүрүлөт деп коркутууда.

Ырасмий бийликтер Бесландагы калабада бери дегенде жети киши, анын ичинде бир барымтачы өлгөнүн маалымдашты. Барымтачылар июнда Ингушетияга жасалган жортуул кезинде колго түшкөн согушчандарга эркиндик берүүнү талап кылышып жатканын ИТАР-ТАСС агенттиги билдирди.

Россиянын түштүгүндөгү калабадан улам президент Путин Сочиден Москвага шашылыш кайтып келип, коопсуздук кызматтарынын жетекчилери менен Түндүк Осетиядагы барымта кризин талкуулады.

XS
SM
MD
LG