Бешке жуук адам жабыркады. Израилдин армиясы түнкү бул рейд жөнүндө азырынча эчтеме айта элек. Шейшемби күнү жөөттөрдүн Беэр-Шева шаарында жанкечти жардырган бомбадан он алты киши набыт болгон эле. Бул иш үчүн жоопкерчиликти “Хамас” уюму өзүнө алды. Соңку кабарларда жөөт аскерлери Хан Юнистеги лагерге кирип, операция өткөрүп жатканы айтылат.
Таңкы жаңылыктарды Прагадан Эсенбай Нурушев даярдады.
Таңкы жаңылыктарды Прагадан Эсенбай Нурушев даярдады.