Алардын баары кувейттик транспорт компаниясында иштешкен жана 21-июлда барымтага кармалып кетишкен эле. Экстремисттер аталган фирмага Ирактагы иштерин токтотуу талабын коюп, шарт аткарылган соң туткундарды азат кылышкан. Ал эми ырасмий Париж болсо туткунга алынган эки француз журналистти бошотуп алганга күч үрөп жатат.