Шаардын көчөлөрүндө президент Жорж Буштун саясатын айыптаган манифестациялар да жүрүп жатат. Кечээ миңге жуук киши кармалды. Курултайда вице-президент Дик Чейни сөз сүйлөп, быйыл ноярбрдагы президенттик шайлоону Кошмо Штаттары үчүн чечүүчү учур болот деп билдирди. Өз сөзүндө ал демократтардын президенттикке талапкери Жон Керринин саясатын да сынга алды.