Кошмо Штаттары бу кризисти чечүүдө Россияга колдон келген жардамын көрсөткөнгө даяр экендигин президент Жорж Буш ырастады. Кечээ ал президент Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эл аралык терроризмге каршы АКШ Россия менен ийиндеше күрөшүп жаткандыгын белгиледи. НАТО Москвадагы террордук кыянатты жана Түндүк Осетиядагы окуяны катуу айыптайт, деп билдирди альянстын ырасмий өкүлү.