БИШКЕК. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Жангороз Каниметов бүгүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Аталган мыйзам былтыр кабыл алынып, бирок Президенттен колдоо таппай калган. Депутаттын айтымында, кайра каралып чыккан мыйзамга президент ушул августтун этегинде кол койду. Ал Ысыккөлгө өзгөчө макам берет, жергиликтүү калктын укуктарын кеңейтет, жерди чет өлкөлүктөргө сатууга тыюу салат, бирок күрөөгө берүүгө уруксат берет. Күрөөгө берүүнүн мөөнөтү 49 жыл менен чектелет.
«Ысыккөлдүн экологиялык жана экономикалык жактан туруктуу өнүгүшү жөнүндө» мыйзам күчүнө кирди