Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:10

Бишкектин жүргүнчүлөрүн транспорт менен тейлөөчү агенттикке жапон гранты берилет


БИШКЕК. Бүгүн Каржы министри Болот Абилдаев менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Крис Лавлейс Жапон өкмөтүнүн Кыргызстанга бөлгөн 215 миң доллар өлчөмүндөгү грантка байланыштуу документке кол коюшту. “Шаардык транспорт” долбоорунун алкагында берилүүчү грант Бишкектик жүргүнчүлөрдү транспорт менен тейлөөчү агенттиктин жетекчилерин жаңыча башкаруу багытына жана адистерди жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна чара көрүү иш чарасына окутууга жумшалат. Ошондой эле “аталган агенттиктин иштери ачык-айкын болушу керек”, деди Крис Лавлейс.

Дүйнөлүк банктын алкагындагы “Шаардык транспорт” долбоорун ишке ашыруу үчүн 24 миллиондон ашуун доллар өлчөмүндө каражат жумшалат. Жалпы берилүүчү кредиттин баасы 22 млн. доллар. Ал эми 2 млн. 440 миң долларды Кыргыз өкмөтү бериши керек.

XS
SM
MD
LG