Иран Атом энергетикасы боюнча эл аралык уюм - МАГАТЭ менен "ишеним орнотуу" саясатын улантат. Бирок өзөктүк технологияга тынчтык максатта ээ болуу укугун да талап кылууда. Бул тууралуу мамлекетик телекөрсөтүүдөн Иран парламентинин эл аралык иштер жана улуттук коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Манучер Моттаки билдирди. Мунун алдында МАГАТЭ инспекторлорунун кечээ жарыяланган докладында аларда Тегеран өзөктүк бомба жасап жатканы жөнүндө далил жок экендиги, бирок Иран уранды байытууну пландап жатканы айтылган.
Байтылган уран - өзөктүк курал жасоодо колдонулуучу зат. Ирандын маселесин МАГАТЭнин жетекчилиги ушул айдын он үчүндөгү жыйынында талкууламакчы. АКШ МАГАТЭ бул маселени БУУнун Коопсуздук Кеңешине өткөрүп берип, ал Иранга каршы кеңири: саясий, экономикалык санкцияларды киргизиши керек деп эсептейт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Колин Пауэлл билдирди.
Вашингтон Иран жашыруун түрдө өзөктүк курал программасын өнүктүрүүдө деген пикирде. Ирандын ырастоосунда, анын өзөктүк программасы тынчтык максатка гана багытталган.