Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Слободан Милошевич Гаага трибуналынын чечими менен макул эмес


Милошевич трибуналдын ага адвокат дайындоо жөнүндөгү чечимин апелляцияга берерин билдирди. Анын сотунда төрагалык кылып жаткан судья Патрик Робинсондун айтымында, алар мындай чечимге айыпкердин саламаттыгына байланыштуу келген:

-Соттун тынчыздануусу айыпталуучунун саламаттыгы жөнүндөгү медициналык аныктамага негизделген. Эгер айыпталуучу өзүн коргоону уланта берсе, сот жараяны узакка созулуп кетиши же андан жаманы бүтпөй калышы мүмкүн деген кооптонуу бар.

Гаага трибуналы Милошевичтин коргоочусу кылып, азыр аларда "соттун досу" ирээтинде иштеп жаткан эки британиялык адвокатты дайындады. Бирок Милошевич өз адвокатын өзү тандоого да укуктуу. Сот жараяны айыпкер ооруп калганынан улам буга чейин бир нече жолу токтогон.

Жашы алтымыш үчкө келген Милошевич кечээ сотто алгачкы актоо сөзүн аяктады. Ал сот өзүн-өзү коргоо укугумду жокко чыгара албайт деп эсептейт. Мурдагы югослав лидери 1990-жылдары Босния, Хорватия, Косоводо орун алган согуштардын учурунда аскерий жана адамзатка каршы кылмыштарга барганы үчүн айыпталууда.

XS
SM
MD
LG