Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Түндүк Осетиядагы барымтачылар аялдар менен балдардын 26сын бошотту


Куралчандардын тобу Беслан шаарындагы мектепте 300дөн ашуун адамды, анын ичинде жаш балдарды да барымтада кармап турат. "ИТАР–ТАСС" агенттигинин кабарына караганда, бүгүн алардын 26сы Ингушетиянын мурдагы президенти Руслан Аушевдин ортомчулугу астында бошотулду.

Түндүк Осетиянын ички иштер министри Казбек Дзантиевдин бүгүнкү маалыматына караганда, согушкерлер мектепти ээлеп алган кезде 12 адам мерт болгон, 15 мектеп окуучусу качып кетүүгө үлгүргөн. Орусия президенти Владимир Путин азыр башкы милдет барымтадагылардын өмүрүн сактоо экенин белгиледи:

-Биздин башкы максат - албетте барымтада калгандардын өмүрүн жана ден-соолугун сактоо. Барымтадагыларды куткаруу менен алектенип жаткан биздин күчтөрдүн баардык аракети биринчи кезекте ушул максатка багытталган.

Барымтачылар кимдер экени, алар эмне үчүн Түндүк Осетиянын Беслан калаасындагы мектепти басып алганы так белгисиз.

Барымтачылар эгер мектепти курчап турган аскерлер чабуул койсо, балдарды өлтүрөрүн, имаратты жардырып жиберээрин эскертишкен. Бүгүн мектептин жанында жарылуулар болгону да кабарланды.

XS
SM
MD
LG