Экстремисттер аларды ирактык башка бир топко өткөрүп беришти. Жакынкы сааттарда журналисттер франциялык өкүлдөрдүн колуна тапшырылат. Бул тууралуу Франциянын маданият министри Рено Деннодье де Вабр билдирди. Эки кабарчыны уурдап кеткен экстремисттер француз өкмөтүнөн мектептерде мусулманча кийингенге тыюу салган мыйзамды жокко чыгарууну талап кылып, шарт аткарылбаса журналисттерди өлтүрө тургандыгын айтышкан эле.