Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:10

Бесланда 26 адам барымтадан бошотулду


Түндүк осетин өкмөтүнүн өкүлү ырастагандай, алардын арасында аялдар жана балдар бар. Ингушетиянын мурдагы президенти Руслан Аушев кечээ барымтачылар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн эле. Президент Владимир Путин туткунда жаткан үч жүздөн ашуун адамдын баарын аман-соо бошотуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланууга көрсөтмө берди. Эл аралык Кызыл Чырым уюму Бесландагы кризисти чечкенге көмөктөшүүгө даяр экендигин ырастады. Ушундай эле ыкыласын чечен козголоңчуларынын лидери Аслан Масхадов да билдирди.

XS
SM
MD
LG