Ирандын борбору Тегеран шаарынын көчөлөрүнө бүгүн жүздөгөн адам чыгып, денесин жаппай кийинген аялдарды жазалоону талап кылды. Өлкөнүн мыйзамдары боюнча денесин ачкан аялдар жаза тартат, бирок демонстрацияга катышкандардын пикиринде, ал жаза катуулантылууга тийиш.