АКШнын түштүгүндөгү Флорида штатына деңизден катуу куюн-шамал жакындагандыктан, жергиликтүү бийлик деңизге жакын жашаган эки жарым миллионго жакын адамга кайрылып, аларга башка жерге көчүп кетүүнү сунуштады. Ал куюнга "Фрэнсис" деген ат коюлган жана ал Багам аралдарына жетип, саатына 200 чакырым ылдамдык менен Флориданы көздөй баратат. Мындан үч эле апта мурда Флоридага башка да бир куюн-шамал тийген, 25 адам өлүп, штат миллиондогон доллар зыян тарткан.