Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Орусиянын ЮКОС компаниясы кудуретсиз деп жарыяланышы мүмкүн


Орусиянын Салык министирлиги бүгүн атайын билдирүү жасап, ЮКОС компаниясы мамлекеттик казынага дагы кошумча акча төлөш керек деп билдирди. 2001-жылы төлөнбөй калган салыктын өлчөмү төрт миллиард 200 миллион долларга жетет. Мурда компанияга 2000-жыл үчүн үч миллиард 400 миллион доллар салык төлөө талабы коюлган. ЮКОСтун банк эсептериндеги эки миллард 600 миллион долларды кармоо буйругу да берилген, ошондуктан компания мунай өндүрүүнү токтотуп, кудуретсиз деп жарыяланышы мүмкүн. ЮКОСтун башчысы Михаил Ходорковский былтыртан бери камакта.

XS
SM
MD
LG