Линктер

шейшемби, 30-май, 2017 Бишкек убактысы 11:36

Сауд Арабияда полиция менен террорчулар ортосунда куралдуу кагылышуу болду


Сауд Арабиянын Бурайда шаарында кечээ күнү полиция менен белгисиз согушкерлер ортосунда куралдуу кагылышуу болуп, бир полициячы өлүп, дагы экөө жараат алды. Согушкерлер качып кутулду жана алар тарабынан чыгаша бар же жок экени белгисиз. Үстүбүздөгү жылдын май айында өлкөнүн Хобар шаарында ишке ашырылган террор аракетине катышкан деп күнөөлөнгөн Абдулла бин Абдулазиз бин Ахмед ал-Мукрин кечээ күнү бийликке багынып берген жана согушкерлер ошондон кийин полицияга кол салган. Ал террордук чабуулдан 22 адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG