Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарында бүгүн жардыруу болуп, бир адам набыт кетти. Жардыруучу зат жүктөлгөн машине жарылып кеткен. Ооганстанды бийлеген учурда Талибан кыймылынын баш ордосу Кандагарда жайгашкан. Кыймылдын калдыктары азыр - октябрга белгиленген президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракеттенүүдө. Хост дубанында болсо кечээ күнү куралдуу кагылышуу болуп, бир нече талиб өлтүрүлдү.