Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 11:22

1986-жылдагы террордон жапа чеккендерге Ливия 35 миллион доллар төлөп берет


Берлин шаарында 1986-жылы ишке ашырылган террор аракетинен жапа чеккен 160 адамга Ливия өкмөтү 35 миллион доллар кенемте төлөп берүүгө бүгүн макул болду. Беш жылга уланган тергөөдөн кийин 2001-жылы немис соту - ал жардыруунун артында Ливиянын коопсуздук кызматы болгон деген бүтүмгө келген. Жардыруудан америкалык эки аскер менен түркиялык бир аял өлүп, эки жүзгө жакын адам жараат алган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG