Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

Республикалык партия атынан президенттике талапкер болууга Буш макулдугун берди


АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү Нью-Йорк шаарында Республикалык партиянын атынан экинчи жолу президент болуп шайланууга расми түрдө макулдугун берди. Партия курултайында сүйлөгөн сөзүндө Буш кайрадан Иракка каршы согуш башталганы туура саясат болгонун белгиледи:

- Саддам Хусейндин бийлиги агрессия жана террорго колдоо менен коштолгонун биз билебиз. Өз элине каршы ал кеңири кыруучу курал колдонгонун дагы билебиз. 11-сентябрдан кийин биз башкача ойлонууга аргасыз болдук. Америкага коркунуч түзүлгөндө, биз кеч болуп кете электе аракет көрүүгө тийишпиз жана аракет көрөбүз.

Демократиялык партиянын атынан талапкер болуп көрсөтүлгөн Жон Керринин жардамчыларынын айтымында, Буштун 40 мүнөттүк сөзү анын төрт жылдык башкаруусун оңой албайт. Буштун айтымында болсо, Керриге добуш бергендер белгисиз адамга добуш берет.

XS
SM
MD
LG