Орусиянын коопсуздук аскерлери бүгүн Түндүк Осетиянын Беслан шаарында 1-сентябра 20 террорчу тарабынан барымтага алынган мектепке чабуул коюп, ага кирди, бирок мектеп ичиндеги ок атышуулар дагы уланууда. "Азаттыктын" кабарчысы Татьяна Соболдун айтымында, барымтачыларга бийлик өкүлдөрү келгенде, ок атышуу башталып, бир нече жардыруу болгон жана мектептин чатыры урап түштү:
- Өлгөндөрдүн денелерин алып кетүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине уруксат берилгенден кийин чабуул башталды жана ок атылып кирди.
Орус маалымат кызматтары билдиргенге караганда, туткундардын көпчүлүгү бошотулду, бирок 13 барымтачы дагы жөнөкөй кийим кийип, туткундар менен кошо качып чыгууга жетишти, онго жакын террорчу өлтүрүлдү.
Ооруканаларга төрт жүздөн ашык адам жеткирилди, алардын көпчүлүгү балдар. Кээ бир кабарлар боюнча, өлгөндөрдүн жалпы саны жүздөн ашык, мектептин ичинде көптөгөн өлүк жатат. Жумурият президенти Александр Дзасоховдун айтымында, мектепти барымтага алгандар Чеченстанга эгемендүүлүк талап кылган.