Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

«Хизбутчулар» Түндүк Осетиядагы террордук аракеттерди айыпташты


ОШ. «Түндүк Осетиянын Беслан шаарында жанкечтилердин күнөөсүз адамдарды барымтага кармап жатышын мусулман уулдарына туура келбеген аракеттер катары айыптайбыз. Биз исламдын тазалыгы үчүн күрөшүүчү "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрү күчкө, кан төгүүгө багытталган баардык аракеттерге каршыбыз» деп айтылат билдирүүдө. Уюмдун лидерлеринин бири Улукбек Кадыржановдун айтымында, диний уюмдун террорчуларды айыптаган билдирүүсүн жарыялоодон Ош шаарындагы бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары баш тартышты. Ошондуктан билдирүү баракча түрүндө эл арасына таратылууда, деди уюмдун өкүлү.

XS
SM
MD
LG