Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:42

Ысыккөлдө «хизбуттахрирчилердин» саны өсүүдө


КАРАКОЛ. Облустук ички иштер жана улуттук коопсуздук кызматтары тараткан маалыматка караганда, акыркы айларда эле "Хизб ут-Тахрир" партиясынын таасирине кирген жети адам кармалып, 60тан ашык тыюу салынган адабияттар жана 200 чамалаш баракчалар жок кылынды. Ушул тапта облус боюнча тартип коргоо органдарынын көзөмөлүндө турган "Хизб ут-Тахрир" партиясынын 30 мүчөсү бар. Алардын басымдуу бөлүгү - кыз-келиндер. Облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен айылдык жыйындар өтүп, "Хизб ут-Тахрир" партиясынын коомдогу терс таасири тууралуу маалыматтар берилүүдө. Бирок алдын алуучу чараларга карабастан, аталган партияны жактоочулардын саны кескин өсүп жатат.

XS
SM
MD
LG