ЖАЛАЛАБАД. Шаардык мэриянын алдына үч саат турган элүүдөн ашык айдоочу күйүүчү май менен техникалык жабдуунун кымбатташына, акысыз жүргүнчүлөрдүн көптүгүнө, МАИнин паракорлугуна нааразылык билдирди. Шаар бийлигинен жол акысын мыйзамдуу түрдө жогорулатууну, буга байланыштуу мурда берилген катка жооп кайтарууну талап кылышты. Күйүүчү май менен камсыздоону жөндөй албаган өкмөттү сындап, талаптары аткарылбаса ишке чыкпай тургандыгын маалымдашты. Жалалабад шаар бийлиги баа комиссиясы менен бирге жол кирени беш сомго чектеген соң, алар ишин кайра улантышты. Облуста бензин 18-21 сомдон сатылууда.