БИШКЕК. 7-сентябрда Канаданын Квебек шаарында «Омбудсмандын милдеттенмелерди аткаруудагы орду, жеке укуктарды таануу жана жарандардын жоопкерчилиги» аттуу эл аралык 8-конференция ишин баштайт. Бул конференцияга омбудсмандардын эл аралык институтуна мүчө мамлекеттердин акыйкатчылары чакырылган. Алардын ичиндеги Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу эки күндүк бул конференцияга катышпайт. Себеби, сентябрь айы ичинде Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны акыйкатчынын алгачкы бир жылдык ишмердүүлүгү тууралуу отчетун угаары болжолдонуп жатат. Бул тууралуу институттун маалымат кызматы бүгүн кабарлады.
Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны азырынча акыйткачынын отчету кайсы күнү караларын тактап бере элек. Сентябрь айы үчүн болжолдонгон күн тартибине 50дөн ашык маселе киргизилген. Акыйкатчынын отчетун айдын башындагы алгачкы маселелердин катарында кароо тууралуу Адам укуктары боюнча комитеттин төрайымы Оксана Малеваннаянын сунушун парламент кечээ колдогон жок.