БИШКЕК. Улуттар Уюмунун адам укугун коргоо боюнча комитети Кыргызстандын өзбек улутундагы атуулу Абдумалик Назаровдун арызын июль айында карагандыгы тууралуу маалыматты бүгүн «Кыргызинфо» агенттиги таратты. Өзбек улутундагы кыргызстандык атуул 1998-жылдын 4-майында Фергана соту тарабынан Өзбекстандын кылмыш кодексинин маңзаттарды мыйзамсыз ташуу, сактоо жана жасалма документ даярдоо тууралуу үч беренеси боюнча 9 жылга соттолуп, мүлкү тартылып алынган. Улуттур Уюмунун адам укугун коргоо комитети Фергана сотунун мындай өкүмүн туура эмес деген чечимге келип, Өзбекстан бийлигин Абдумалик Назаровду токтоосуз бошотуп, компенсация төлөп берүүгө чакырды.