БИШКЕК. Жакынкы аралыкта Кыргызстан коммунисттер партиясы кезектеги пленумун чакырат. Бул пленум партиянын жаңы жетекчисин дайындоо маселесин күн тартибине коет. Бул тууралуу кечээ журналисттерге Кыргызстан коммунисттер партиясынын төрага орун басары, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Николай Байло билдирди. Мүчөлөрүнүн саны башка партиялардан басымдуулук кылган коммунисттер партиясы маркум Абсамат Масалиевдин ордуна талапкерлердин аттарын атай элек. Депутат Николай Байлонун пикиринде, партиянын башына кыргыз улутундагы саясатчы келиши керек. Ошондуктан, ал төрага болуу тууралуу буга чейин айтылган сунуштардан баш тартты. Ал эми коммунист лидерлердин бири, ушул эле палатанын депутаты Орозбек Дүйшеевдин пикирине караганда, партиянын төрагасын коммунисттер өзүнүн кезектеги курултайында атайт. Курултай октябрь айынын этегине болжолдонууда.